• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды

29 Кулжа 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 22-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү жашоочу Кыргыз Республикасынын Ш.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Унааны кароо учурунда ичинен 680 даана уюлдук телефон салынган 10 коробка контрабандалык жүк табылган. Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 281