• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Ноокатта сот аткаруучу пара менен кармалды

19 Тогуздун айы 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

Кармалган К.Т.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 108