• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК пара берген кызматкерди кармады

26 Бугу 2022 9:54 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

«Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный айыл аймагынынкирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 180