• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК Шадиевди кармоо боюнча АКШдан жардам сурады

25 Бирдин айы 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылып, АКШда жашырынып жүргөн мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди табууда көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Шадиевге карата КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Количество просмотров: 183