• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: Түркиянын жаранын уурдоого катышкандардын бири кармалды

31 Үчтүн айы 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Түркиянын жаранын уурдоого катышкан башка адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте “С.Д.” аттуу түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда издөөдө жүргөн түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири, 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу КР жараны кармалды.

Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу 1971-жылы туулган КР жараны Болот Матраимов издөөдөгө алынып, ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “С.Д.” уурдоого түрк тектүү КРнын 1976-жылы туулган жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

2022-жылдын 25-январында мурда кармалган «Ж.Б.» карата Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.

Количество просмотров: 140