• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: «Тазалыкта» коррупциянын бети ачылды

18 Баш оона 2022 17:27 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» МИнан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Тазалык» МИнын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

«Бардык чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн. Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, «Тазалык» ишканасынын кызматкери Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат, анын натыйжасында «Тазалык» МИнын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон. Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1857