• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Тажикстан Түркия менен «Байрактарды» сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес

29 Чын куран 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

Тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК кабарлагандай, тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

«Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 248