Тиешелүү документтери жок дары-дармектер салынган автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-майында Баткен облусунун Кадамжай районунун Күнгөй жергесинде УКМК менен чек ара аскер кызматкерлери Т.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын кармашкан.
«Унааны текшерүү учурунда 180 даана, жүк ташуу документтери жок дары-дармектер – амоксиклав табылган. Жогорудагы факты боюнча атайын кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.