• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

УКМК: Токой чарба жетекчиси 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды 

7 Теке 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине токой чарбасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармады.

«Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган. Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган»,-деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 6-июлунда А.К.Д. КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара берүү») каралган кылмышты жасоого шектелип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2306