• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Жашыруун басмакананын иши токтотулду

19 Бугу 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.А.К. аттуу жаранынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылды. Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 123