• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Жеке компаниялар мамлекетке 4,4 млн сом зыян келтирген 

17 Бештин айы 202211:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиялык аймактан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 млн 477 миң 723 сом зыян келтирилген.

Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 млн 205 миң 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 178