• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК жихадчылар жамаатынын үч мүчөсүн кармады

25 Баш оона 2022 15:15 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-августунда УКМКнын Баткен областык башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренси («Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган:

— «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы;

— «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

— «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

«Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

«Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги — 49 даана, 5,45 мм — 5 даана жана 9 мм — 3 даана ок-дары, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган. Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 127