• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК ЖКнын төрт депутаты жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирди

14 Жалган куран 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын тактоо иштери уланып жатканын билдирди.

Мекеменин бүгүн, 14-марттагы маалыматына караганда, учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты, ЖК аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналууда.

Шек саналгандардын арасында: Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, КР Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкери, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкерлери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери, 1 Социалдык фонддун кызматкери, 2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери, 1 Муниципалдык аймактык башкаруунун адиси, 1 КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы, 7 айыл аймагынын башчысы, 2 а/а башчысынын орун басары, 7 а/а кызматкери, 5 айылдык кеңештин депутаты.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында тогуз адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кеткен. УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими жана жарандыгына байланыштуу он миңдеген материалдарды текшерүүгө тийиш экенин билдирген. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

Количество просмотров: 1437