Бишкек. 17.12.2018.Govori.TV.
УКМК “Оптима Банк”ААК тарабынан таратылган видео туралуу билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, экс-вице-премьер министрдин банктагы ячейкасы ачылган видео, банк тарабынан 2017 жылы тартылышы мүмкүн.
Бул видео экс-вице-премьер министрге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган.
УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш-ишине кошулганын жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Жогоруда видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилей кетүү керек, деп айтылат маалыматта.