• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМКдан эсин жоготкон Курсан Асановдун жубайынын абалы айтылды

14 Үчтүн айы 2021 17:08 Бишкек Govori.TV


УКМКга чакыртылган Курсан Асановдун жубайы жандандыруу бөлүмүндө жатат . Бул тууралуу Асановдун жактоочусу Таалайкүл Токтакунова Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланып жатат.

«Ведомствонун дарыгерлери Үсөнкановага «Нур» диагностика борборунан кароодон өтүүнү сунуштап, ошол жакка жеткиришкен. Ал жактан стационардык дарылануу сунушталган. Учурда неврологиянын жандандыруу бөлүмүндө»,-деп билдирди жактоочу.

Буга чейин маалымдалгандай, Үсөнканова алдамчылыкка шектелип жатат. Ал 2017-2018-жылдары чет өлкөлүк жарандан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып кайтарбай койгону айтылууда.
Буга чейин УКМК дагы Асановдун жубайынын абалы тууралуу маалымат тараткан.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКга бир нече жолу чакырылган Үсөнканова 11-январь күнү келген. Тергөө амалдары башталганга чейин эле УКМКнын имаратында отурган кезде Үсөнканованын абалы начарлап кеткен. Натыйжада УКМКнын аскер-медициналык кызматынын дарыгерлери чакыртылган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Асановдун жактоочусу Үсөнкановага коюлган айыптоолорду четке кагууда.

Количество просмотров: 1989