Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган 9 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 21-декабрда окуучу кыздын үй-бүлөсүнө керектүү азык-түлүк, жаңы жылдык белектер жана канцелярдык товарлар берилди.
Мындан тышкары, 9 жаштагы Асема Шакированын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Териштирүүнүн жыйынтыгында окуяга баа берилет.
Эске салсак, Кемин районундагы Жалил Садыков атындагы орто мектепте билим алган 9 жашар кыз апасы аталган мектепте мугалим болуп иштээрин, материалдык жактан кыйналып жатканын, мектеп жетекчилери энесин кордоп жүргөнүн айтып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сураган.