• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

15 Кулжа 2022 14:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кербен шаарында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап административдик имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлердин иштөө шарттарынын талабына жооп бере тургант керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

Теги:
Количество просмотров: 102