• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев кармалды

25 Үчтүн айы 2021 20:42 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурунку башчысы, президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 14-январда Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кайрылуу түшкөн. Ал Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевге атайын айып тагуу фактысына байланыштуу.

«Үстүбүздөгү жылдын 14-январында Башкы прокуратура тарабынан Алмамбет Шыкмаматовдун жана башкалардын арызы боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Арызда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаев Сегизбаев тарабынан эл алдында жалган караланып, кылмышка айыпталгандыгы айтылган.Тактап аутканда, УКМКнын мурдагы төрагасы «Белизгейт» аталган ишке тиешеси бар экендиги белгиленген. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев тарабынан жогорудагы кылмыш иштери аткарылгандыгы тууралуу далилдер алынды. Буга байланыштуу Сегизбаев кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш иштерине башкалардын тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Абдил Сегизбаев УКМКда бир нече сааттан бери сурак берип жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 251