• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМКнын сайтындагы ката жазылган маалыматтар

20 Кулжа 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

УКМКнын расмий порталында, аталган мекемеге кызмат өтөөнү каалаган жарандар үчүн жазылган кыргыз тилиндеги маалыматта бир катар олуттуу каталар орун алганын көрүүгө болот.


Мындай маалыматтан кийин мамлекеттин эң көрүнүктүү органынында ушундай каталар кетип жаткандыгы тууралуу мекеменин маалымат кызматына кайрылып, сурап көрдүк.

Алардын билдиришинче, УКМКнын мурунку сайтына чабуул болгондугуна байланыштуу, портал кайрадан иштелип чыгып жатыптыр.

«Азырынча сайт толук ишке кире элек. Бул сыноо версиясы. Дагы иштеп чыгуу иштери болуп жатат. Биздин сайтка улам эле чабуул жасап жаткандыгына байланыштуу азырынча дагы карап турабыз. Айрым каталар ошондон улам болуп жатса керек»,-деди аталган мекеменин маалымат кызматынан.

Количество просмотров: 250