• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

19 Жетинин айы 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.

Жаңы имараттын ачылышына КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аземде Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде, өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.

Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылары белгиленди.

Количество просмотров: 185