Украинанын экс-депутаты Ирина Фарионго19-июль күнү кечки саат сегиз чамасында, Фарион жашаган үйдөн алыс эмес көчөдө кол салуу болгон. Кылмышкер саясатчыны тапанча менен башка атып, качып кеткен. Ирина Фарион оор абалда ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Врачтар болгон аракетин жасаганы менен комадан чыкпай 60 жашында ооруканада каза болуп калды.
Львовдун мэри Андрей Садовой да саясатчынын жакындарына көңүл айтып, «адам өлтүргүчтү табуу керек. Ага буюртма берген адам ким экени ачыкка чыгып, толук жоопкерчиликке тартылышы зарыл”-деди.,
Украинанын президенти Владимир Зеленский кылмыштын бетин ачып, жагдайды ачыктоого Улуттук полиция жана Коопсуздук кызматтарынын зарыл болгон күчтөрү тартылганын айтып, “зомбулуктун бардык түрүн айыптайбыз жана ага катыштыгы барлар толук жоопкерчиликке тартылышы керек”, — деди.