Тогуз айлык наристенин өмүрүн сактап калган Патрулдук милициянын кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү кызматкерлер Кубаныч Абдыкулов менен Мирлан Таалайбеков мөөнөттө турганда, саат 18:30 чамасында Рамазан аттуу тогуз айлык наристенин апасы уулу уксус ичип алганын айтып кайрылган. Милиция кызматкерлери дароо кызматтык унаасы менен баланы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.
Бала ооруканага убагында алып келингендиктен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгону, учурда наристенин абалы жакшы экени кабарланды.
«Милдетин үлгүлүү аткарганы, сүйүнүчтүү ишке себепкер болгону үчүн Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары, полковник Айбек Ажыбаев Патрулдук милициянын кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Аны менен бирге Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, полковник Гайрат Рахмановго да куттуктоо баракчасы ыйгарылды»,-деп жазылат маалыматта.