• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКТ мүчөсү кармалды (видео)

31 Тогуздун айы 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери опузалап акча талап кылган 25 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү ушул жылдын октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып кеткени аныкталган. Ал жерден аны сабап, 30 миң сом акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кол салгандар качып кетишкен.

Бул факты Ош облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашты.

Кармалган жаран Ош облусунун тургуну, мурда соттолгон 25 жаштагы А.А.. экендиги аныкталды. Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран  Ош облусунун Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешелүү болгон башка шериктештерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 279