• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуттук банктын бир кызматкеринен COVID-19 табылды

20 Кулжа 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын бир кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, 18-июнь күнү бир кызматкердин анализинен коронавирус аныкталган.

“Учурда ал кызматкердин оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Ал дарыланууда. Улуттук банктагы ал менен байланышта болгон адамдардын баары аныкталып, алар үй карантинине жөнөтүлдү. Алардан анализ алынган. Ооруп калган кызматкер иштеген жерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 68