Улуттук гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндө Аламүдүн районунда жайгашкан орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Малыматка ылайык, ага 350 ашуун мектеп окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланды.
Иш-чаранын катышуучулары алар үчүн даярдалган программаны абдан кызыгуу жана шыктануу менен кабыл алышты.