• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуттук онкология жана гематология борборундагы медкызматкер коронавирус жуктурду

8 Бугу 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Улуттук онкология жана гематология борборунда медициналык кызматкерлердин арасында коронавирус жуктурган адам такталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Бейтап менен жакын байланышта болгон медициналык кызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

«Элдин арасында байланышта болгондор жок. Анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт.

Бүгүн, 8-майга карата Кыргызстанда дагы 11 адам коронавирус менен катталды.

Количество просмотров: 132