• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Умбеталы Кыдыралиев: Баш мыйзамдын жаңы долбооруна 80 депутат жооп берет

3 Жалган куран 2021 18:56 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна 80 депутат жооп берет. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

«Негизи Референдумду президенттик башкаруу формасын эл тандады. Ооба президент аткаруу бийлигин да карап, өзү чоң жоопкерчиликти алып жатат. Негизги концепция сакталган. Ал эми грамматикалык жана орфографиялык жактан кеткен каталар тууралуу сөз болуп жатат, алар менен мен да макулмун. Бирок эң негизги Конституциянын негиздери боюнча, бийликтеги ыйгарым укуктар, жарандардын эркиндиктери, милдеттери, укуктары боюнча мындай чоң-чоң бузуулар жок. Болгон эле көбүнчө депутаттар жаңы Конституцияны кабыл алыш керекпи деген сыяктуу суроолорду көтөрүп жатышат», — дейт ал.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Количество просмотров: 183