«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Ведомстводон билдиришкендей, бейтап борбордук аппараттын кызматкери эмес.
«Вирус табылган кызматкер ооруп жаткандыгына байланыштуу өргүүдө болчу. Анын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, коронавируска чалдыккандардын жалпы саны республика боюнча 3 726га жетти. 42 киши каза болуп, 2 082 жаран сакайып чыккан.