Кыргыз өкмөтүнө карашту Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын коррупциялык схемага катыштыгы бар делип айрым кызматкерлери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү кызматкерлерден иш келишимин узартууга акча талап кылган.
«2020-жылдын 3-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2000 АКШ доллар алып жаткан жеринен «Унаа» ишканасынын директорунун жардамчысы кармалды. Ал «Унаа» ишканасынын жетекчилигинин эмгек келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартканына байланыштуу көп убакыттан бери ишкананынын Бишкек шаардагы бөлүмүнүн кызматкерин негизсиз түрдө жумуштан кетирем деп коркутуп келген», — деп айтылат маалыматта.
Учурда ачылган кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Жана ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталууда.

