• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Унаа уурдагандар кармалды

26 Теке 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июлга караган түнү Аламүдүн-1 кичи районун 48-үйүнүн тушунан белгисиз адамдар «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү унааны айдап, из жашырып кетишкен.

«Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында 25-июль күнү саат 12:30 чамаларында Кемин райондук милициясы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 2005-жылы туулган К.Р.З, 2004-жылы туулган А.уулу Ж. жана 2006-жылы туулган Т.Р.М. аттуу жаран болушкан. Кармалгандар жарандар кармалып Кемин РИИБдин тергөө кызматына өткөзүлүп берилгенин, ал эми унаа Кемин районун атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 119