• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Унаа уурдай качкан жигит Нарындан кармалды

5 Үчтүн айы 2021 13:10 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунан автоунаа уурдоого шектелген жаран Нарын облусунда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Аламүдүндө милицияга  К.Г. аттуу адаи арыз менен кайрылып, Лебединовка айылында жайгашкан автоунаа жуучу жайда  автоунаасын уурдап кеткенин айткан.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 206-беренесине ылайык (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) кылмыш иши козголгон.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа Нарын шаарынан табылып, аны айдап барган 22 жаштагы К.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, шектүү Лебединовка айылындагы автоунаа жуучу жайга орношуп, жаңы жыл түнү автоунааны уурдап чыгып кеткен. Ал Нарын облусунда автоунааны айдап жүргөн жеринен кармалган.

Количество просмотров: 170