• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Унаа уурдап бараткан шектүү кармалды

8 Жалган куран 202415:24 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери унаа уурдап бара жатканга шектүү адамды кармашты.

Кечээ, 7-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө бир адам эшигинин астында токтоп турган унаасы болжол менен саат 21:30 чамаларында уурдалганын кабарлаган.

Натыйжада «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунан «уурдалды» делген «Ауди А4» үлгүсүндөгү унаа тосулган. Бирок айдоочу жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлерге баш ийбей качкан.

Кызматкерлер артынан кууп жетип, унааны токтотушкан. Унааны айдап бараткан 2002-жылы туулган Ш.Г. кылмышка шектелип, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 377