• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Унаада катуу кыйкырып, инспектордон жардам сураган аял сабалган эмес

12 Бештин айы 2018 9:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Интернетте 9-декабрь күнү жергиликтүү телеканалдардын биринде тартылган берүү кызуу талкууга алынган.  Анда инспектор жолдон унааны  токтотуп, анын ичинде кыйкырып жардам сурап жаткан аялга көңүл бурбастан,  айдоочусу менен обочороок басып кеткенин көрүүгө болот.  Бул окуя боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы инспекторго карата кызматтык иликтөө башталганын билдирген.

Бул боюнча аталган башкармалыктан төмөнкүдөй билдирүү таратылды.

«Жакында социалдык тармактарда шаардык телеканалдардын бири даярдаган видеоматериал жарык көрүп, ошол жерде Руслан Харизов аттуу колдонуучунун социалдык тармактагы баракчасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара катары 2500 сом акча каражатын алып, андан сырткары эркек адам тарабынан сабалган аял кишиге жардам берүүгө аракет кылбагандарына күнөөлөгөн билдирүүнүн скриншоту тиркелген. Бир аз убакыт өткөн соң автор өзүнүн постун өчүрүп салган. Сабалышы мүмкүн болгон Камилла аттуу кыз башкармалыкка келип, жогорудагы окуяны төмөнкүдөй түшүндүрдү.

Анын айтымында, аны эчким сабаган эмес, жарандык жолдошу экөө уруша кетип, автоунаанын ичиндеотурушкан. Ал эми автоунаанын рулунда жолдошунун досу отурган. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын тескөөчүлөрү токтоткон кезде аларга дагы ушинтип түшүндүрүшкөн.  Кыздын жарандык жолдошу ошол күнү түнкү клубда экөө уруша кетишкендигин, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болбогондугун жана милиционерлерге нааразычылыктары жоктугун билдирген. Ошондой эле автоунаанын терезелери караңгылатылгандыгына байланыштуу административдик протокол түзүлүп, автоунаанын терезелеринен плёнкалары сыйрылган. 

Бул факты боюнча азыркы учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп билдирди мекемеден. 

Теги:
Количество просмотров: 21