• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Унааны уурдай качкан шектүү жол кырсыгына кабылды (видео)

20 Үчтүн айы 2021 9:48 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаарында унаа уурадаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-декабрында белгисиз жаран көчөдөгү башка бирөөнүн үйүнүн короосуна кирип Хонда Аккорд унаасын уурдап кеткен. Шектүү көп узабай жол кырсыгына кабылып, унаа менен барып даракты сүзгөн.

Ал унааны таштай салып качып кеткен, ал эми жабырлануучу милицияга кабылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1985-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кылмыш кылганда мас абалында болгону аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 5674