• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Унаасынан граната табылган ишкердин окуясы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

17 Баш оона 2022 10:54 Бишкек Govori.TV

“Азия Молл” соода борборундагы «Тойота Камри» унаасынын алдына зым менен чырмалган абалда табылган болжол менен РГД-5 гранатасына окшош буюмга криминалистикалык экспертиза дайындалып, бирок жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Азыркы учурда тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө»,-деп билдиришти Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан.

Эске салсак, 11-августта Бишкектеги «Азия Молл» соода жайында жеке ишкер Илгиз Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын билдирген.

Аталган факт Ленин РИИБдин эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Шаменов ички иштер органдарына көрсөтмө берип чыккандан кийин бул окуяны «Жетим-Тоону иштетүүгө каршы позициясы үчүн аны коркутуу аракети болушу мүмкүн» деген пикири менен бөлүшкөн.

Количество просмотров: 116