• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды

2 Кулжа 2019 18:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.06.2019.Govori.TV.


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Эскерте кетсек, Өткөн айда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Количество просмотров: 26