• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Урмамбетов: ИИМ президенттик шайлоо боюнча 45 мыйзам бузуу фактысын каттады

5 Үчтүн айы 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги президенттик шайлоо боюнча 45 мыйзам бузуу фактысын каттады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун отурумунда билдирди.

Урманбетов белгилегендей, мыйзам бузуулардын ичинен Бишкек шаары боюнча 11, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 2, Нарында бир факты катталган.

«45 фактынын ичинен сегизи кылмыш иши боюнча катталган, бешөө сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылган. Бишкекте 2, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден, жалпы 4 факты добуш сатып алуу боюнча катталып, анын үчөө кыскарган. Жазыктар кодексинин уурдоо фактысы менен бир факты катталган. Ал өндүрүштө тергелип жатат», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, учурда БШКнын ыкчам чара көрүү тобу шайлоо өнөктүгү учурунда болгон мыйзам бузууларды талкуулап жатат.

Количество просмотров: 97