Чет мамлекеттерде коронавирус инфекцисынын экинчи толкуну байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев билдирди.
“Чет мамлекеттерде коронавирус инфекцисынын экинчи толкуну байкалууда. Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген. Ал эми, күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз”, — деп билдирди Усөнбаев.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.