• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Уу коргошун кайнатмасы резиденцияда даярдалууда

17 Чын куран 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун аппаратында уу коргошун «Ала-Арча» мамрезиденциясында даярдалууда деп 24.kg басылмасынын журналисттерине айтып беришти.

Бул үчүн өзүнчө орун жай бөлүнүп, иштин баары медкызматкерлердин катышуусу менен стерилизацияланган шартта өтүп жатканы айтылат. Аппараттан белгилешкендей — препарат дароо ооруканаларга түшөт жана ал дарыканаларда эркин сатыкта жок.

Бийлик, тагыраак айтканда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду коронавирустан дарылануу үчүн колдонууну пландап жатышат. Бул өсүмдүктүн курамында өтө уулуу, өмүргө кооптуу зат — аконитин бар.

Садыр Жапаров октябрь айында абакта отурган кезинде эле жугуштуу оорудан кандайдыр бир дары менен дарыланып айыкканын билдирген болчу. Ал учурда Жапаров кантип жана эмне менен дарыланганын айткан эмес, бирок аны илгери ата-бабалары «ашказан рагынан» да дарылануу үчүн колдонушканын эскерген.

Бейшеналиев да Жапаровдун айткандары туура деп, 16-апрелде өткөн басма сөз жыйынында уу коргошунду оорулардын көптөгөн түрүнө — ашказан рагы, бронхит, ал түгүл ревматизмге да даба деген. Садыр Жапаров болсо, 15-апрель күнү кечинде коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болот деп билдирген.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүрдү — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес.

Анткен менен Бейшеналиев уу коргошунду муздак ичүүгө болбостугун, ал эми анын дозасын президент өзү аныктайт деп кошумчалады.

Количество просмотров: 3785