Аламүдүн районунда үй ээси уурулук кылган кылмышкерди кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-март күнү Ак-Жар жаңы конушунда үйдүн ээси үйүнө ууруга кирген кылмышкерди кармап, милиция кызматкерлери келгенче качып кетпесин деп электр мамыга байлап койгон.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Уурдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.
«Шектүү 1990-жылы туулган, мурда соттолгон М.Э болуп чыкты жана анын башка ушул сыяктуу уурулук фактыларына да катыштыгы бар экендиги аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.