• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Уурулукка шектүү кылтакка түштү

7 Аяк оона 202420:00 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Т.Н., аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү боюнча кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында белгисиз адам Ак-Ордо 3 жаңы коңушүнда жайгашкан үйүнө уруксатсыз кирип, терезесин ачканга аракет кылганы айтылат. Үй ээси аны байкап калгандан кийин, тиги белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37, 205-беренесине (уурдоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Б.Э. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кылмыш -жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы

Количество просмотров: 383