Талас облустук милициясы социалдык тармактын администраторун кармады.
Талас ОИИБдин маалыматына ылайык, 11-мартта Талас ОИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган.
«Ал өз арызында 7-март күнү “anonBesedka” аталышындагы телеграм баракчасынан 15 жаштагы кызынын телеграмына белгисиз жаран смс жазып, уяттуу сүрөтүн чыгарам деп, шантаж жолу менен акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген», — деп жазылат маалыматта.
Бул окуя Талас ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын тургуну 2008-ж.т. Б.У. кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.У. “anonBesedka” аталышындагы телеграм баракчасын жана “talas.anonka” аталышындагы инстаграм социалдык баракчасын иштетип жүргөндүгү аныкталганы кошумчаланды.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.