• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Валентин Богатырев: Жээнбеков менен Исаковдун тиреши жакындап келе жатат

28 Бештин айы 2017 14:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-декабрда саясий аналитик Валентин Богатырев 2017-жылдын негизги саясий окуяларына жана алдыда боло турган саясий процесстерге пикирин билдирүүдө.

Богатырев президент менен премьер-министрдин тиреши жакынлап келе жатканын билдирди.

«Өкмөт менен президенттик аппараттын тиреши күчөп келе жатат, Сапар Исаков көз каранды өкмөт башчы болгусу келбейт, ага аны дайындаган адамдар дагы жол бербейт. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү өз таасиринде кармоо үчүн өтө кылдат, Атамбаевдин кызыкчылыгы бар жерлерге тийбөө менен аракет кылган менен, барыбир таасир талашта тараза ташы президент тарапка оойт. Президент менен премьер-министрдин тирешинде Жээнбеков утуп чыгышы мүмкүн»,-дейт Богатырев.

Количество просмотров: 5