• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Венгриянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

13 Үчтүн айы 2021 14:19 Бишкек Govori.TV

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерибиз мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде улана берерине үмүт артамын. Венгрия Өкмөтү мындан ары да өз ара кызматташууну тереңдетүүгө жана Түрк Кеңешиндеги иштерди биргелешип ийгиликтүү жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттерди улантарына Сизди ишендирем. Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалайм», — деп белгиленет куттуктоо сөзүндө.

Количество просмотров: 87