• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ВИЧ/СПИД жуккандарга компенсация төлөнөт

25 Баш оона 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын   ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби өкмөт тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жоболор 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы аныкталган күнгө карата жашы жете элек балдарга жайылтылат (башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августундагы № 149 “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып).

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Теги:
Количество просмотров: 84