• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Винера Раимбачаева: «Милициялардын басымынан кийин өспүрүм кыздар өз өмүрүн кыюуда…»

6 Чын куран 2023 12:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Винера Раимбачаева учурда балдарга анын ичинде өспүрүм кыздарга карата зордук зомбулуктун күчөп жатканын айтты.

Мындай иште милиция кызматкерлери басым жасагандан улам, өспүрүм кыздар өз жанын кыюуга барып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары укук коргоо органдары бул ишке олуттуу карабай, шалаакылык кылып жатканын сындады.

Ошондой эле Бишкек ШИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаевдин «өспүрүм кыздар өз ыктыяры менен «жыныстык катнашка»,- барат деген билдүүрүсү буга далил экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 219