• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Вице-премьер Исмаилова Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды 

19 Теке 2020 10:34 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев вице-премьер-министрди клиниканын түзүмү жана жабдылышы, стационардык кычкылтек станциясы, бейтаптар үчүн орундар жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмү менен тааныштырды.

Учурда мында коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн 90 орун бөлүнгөн, анын 12си – реанимациялык койко-орундар.

Сапардын жүрүшүндө кошумча орундарды түзүп чыгуу жана анын жалпы санын – 250гө, ал эми реанимациядагы орундарды 45 дейре жогорулатуу чечими кабыл алынды. Медициналык кызматкерлердин саны 480 адамды түзөт. Медициналык кызматкерлер үчүн обсервация катары «Семетей» мейманканасы каралууда.

Количество просмотров: 230