Мугалимдердин айлык акысы жогорулашына байланыштуу каражат аз деген маселе жок. Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Бүгүнкү күндө булактар аныкталып табылды. Ошол себептен 1 млрд 700 млн сом 2019-жылдын бюджетине каралды. Ал эми 2020-жылдын бюджетин учурда контролдук цифралар каралып жатканда калган 7 млрдга жакын каражат бар экени тастыкталды. Бул каржы министринин иши болчу алар ушундай маалымат беришти»,-деди Өмүрбекова.
Андан тышкары, вице-премьер министр мугалимдердин айлык маянасынын 30 пайызга жогорулашы аларга кичине болсо да жардам боло турганын кошумчалады.