• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Вице-премьер-министр Зилалиевдин жактоочусу УКМКга арызданды

21 Аяк оона 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Залилиевдин жактоочусу Самат Матцаков Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын кызматкерлерине каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арызданды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Адвокат Аскер прокуратурасы менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери иштин материалдары менен таанышууга жолтоо болду деген негизде 18-сентябрда арыз жазган.

«Августта менин адвокаттык ишмердигиме тоскоол болуп жатышат деп Башкы прокуратурага эки жолу арыз жазгам. Бирок менин арызым Аскер прокуратурасына жиберилген. Аскер прокуратурасынан майнап чыккан жок. 18-сентябрда УКМКга Аскер прокуратурасы менен Башкы прокуратуранын кызмат адамдарына каршы арыз жаздым. Анткени, менин арызым мыйзам бузуу менен реестрге катталбай, Аскер прокуратурасына жиберилген. Башкы прокуратура милициянын тергөөчүсү ишти реестрге каттабай койгону үчүн кылмыш иш ачкан учурлар бар. Бирок прокуратура кызматкерлерине андай кылбайт. Бул жерде кош стандарттуулук болуп жатат»,- деди ал.

Башкы прокуратура адвокаттын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек. Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 76