Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева депутаттардын жыйынынын расмий ачылаардын алдында чогулушка келбей калган депутаттарга кайрылуу жасап, келип кошулууга кеч эмес экенин белгиледи.
«Бизди түз эфирден көрүп жаткан же келе албай жаткан депутаттар келип катышкыла. Ар кимиңердин өз пикиринерди артка таштап, өлкөнүн келечегин алдыңкы орунга чыгарууга чакырам», — деди ал.
Андан соң Касымалиева электрондук эсептөө жок болгондугуна байланыштуу депутаттарды бирден аты-жөнүн айтып, тургузуп толуктады.
Ага ылайык учурда жыйынга 62 депутат катышып жатат.